Садыр Жапаров: Мадумаров белгилүү саясатчылардын бешөө бириксе, Садырга жетпейт деп жүргөн
RU

Садыр Жапаров: Мадумаров белгилүү саясатчылардын бешөө бириксе, Садырга жетпейт деп жүргөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигинде казино тууралуу маек куруп жатып, Мадумаровдун ага каршы чыкканына дагы комментарий берди.

Журналист казино мыйзамы жана ага каршы чыккан Адахан Мадумаров тууралуу суроо узаткан. Ага Жапаров Мадумаровдун тили гана бар деп жооп берген.

"Колдоп берген депутаттарга алкыш гана айтышыбыз керек. Ал эми динге такап жаткандарга айтарым мамлекетке динди аралаштырбагыла",- деп сөзүн башдаган президент.

Мадумаров боюнча төмөндөгүлөргө токтолду.

"Анын сөздөрүнө көңүл бурбай эле койсоңуздар болот. Ал 30 жылдан бери саясатта жүрөт. Эл үчүн көзгө көрүнөрлүк бир дагы алгылыктуу иши жок. Кудай тилди берип, көрөгөчтүктү, даанышмандыкты, уюштуруучулук касиетти бербей коюптур.

1-вице-премьер болду, спикер болду, андан кийин өлкөнүн эң негизги идеологу болгон мамлекеттик катчы болду. Дал ошол мезгилде казинолор жөнүндө мыйзамдарды кабыл алып берип, казинолор иштей баштаган, ажырашуулар, банкрот болгон жарандарыбыз көп болгон. Анан бүгүн эле ыймандуу, өтө ынсаптуу "таза" адам болуп, акыл үйрөтүп чыга келгени таң калтырат. Бир үй-бүлөнү тыңгылыктуу бага албагандар мага акыл үйрөтпөй эле койсун.

Мадумаровго мамлекеттин экономикасы кыйрап калса дагы баары бир. Ал киши бүгүнкү каршы чыгып жаткан электоратты жеке өзүнүн саясий кызыкчылыктарына тартуу максатында иштеп жатат. Мен анын мындай кылыктарына көңүл бурбай калгам",- дейт Жапаров.

Андан тышкары Мадумаров мурун аны колдоп жургөнүн айтты.

"Адахан Кимсанбаевич мындан бир нече жылдар мурда "Өлкөгө президенттик башкаруу керек. Какканда кийиз казык жерге кириш керек" деп келген. Кайсы бир журналисттин "Садыр Жапаров бийлик башына татыктуубу?" деген суроосуна "азыркы белгилүү саясатчылардын бешөөнү бириктирсең, Садыр Жапаровго тең келе алышпайт. "Татыктуу" деп жооп берген учурлары болгон. Ал учурда мен камакта жаткам. Бул баары бир чыкпайт, электоратын өзүмө бура берейин деп ойлосо керек?

Кудайдын буйругу менен чыгып келип, кийин президенттик башкаруу орнотсок, "президенттик башкаруу мамлекетти талкалайт, болбойт" деп кокуйлап чыкты. Мен бийлик башына келсем, "сабатсыз, жарабайт" деп чыкты. Кыскасы, өзүнөн башканы президент көрбөгөн оорусу менен ооруп жүрөт. Сакайып кетсе жакшы болмок. Өзүнө да, элге да пайдасы тиймек",-деп белгиледи өлкө башчы.

Мадумаров бийлик бутактарында турганда кетирген каталарын азыр оңдоп келе жатканын. Бул жөнүндө кийинчерээк айтарын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7254