"Бир жерин кысып жашасын". Садыр Жапаров Атамбаев боюнча пикирин айтты
RU

"Бир жерин кысып жашасын". Садыр Жапаров Атамбаев боюнча пикирин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине интервью берип Алмазбек Атамбаев тууралуу сөз кылды. Ал Атамбаевди бир жерин кысып тынч отурсун, башына башка иш үйүп албасын деп билдирди.

"Мен бийликке келерим менен Алмазбек Шаршеновичке бардык шарттарды түздүрүп бергем. Бүгүнкү күнгө чейин каалагандай жашап келе жатат. Мен камакта жатканда мунун бири жок болчу.

Менин табиятымда өч алуу же кек сактоо деген сапатым жок. Кудайга койдум деп ичимден эле айтып коюп, баарын ошол замат унутуп коём. Болбосо өч алып, ата-энем менен баламдын кунун куусам болот эле. Менин жакындарымды жоготконума Атамбаев күнөөлүү деп айтпайм. Бирок себепчи болгон ушул киши да. 13 бир тууганды небере-чөбөрөлөрү менен бирдей камап, карыган атамдын өзүн таштап коюшуна себепчи болду. Атам өлгөндө топурак салып келүүгө жибербей койду. Кийин энем кетти. Дагы жакшы ал убакта Сооронбай Жээнбеков топурак салып, акыркы сапарга узатып келүүгө мүмкүнчүлүк берди. Андан кийин балам кетти. Албетте, мунун баары Кудайдан.

Ошондуктан Атамбаев тобоо деш керек. Баардык сот процесстери бүтсүн, анан чечим кабыл алабыз. Ал да Кудайдын бир макулугу, пендеси. Жаманбы-жакшыбы алты жыл эл башкарды.

Өзү айткандай, бир жерин кысып тынч олтуруп турсун. Айтып койгула. Дагы адашып кетип үстөккө-босток кылмыш иштерин башына үйүп албасын",- деп жыйынтыктаган сөзүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7255