Мектеп директорлору: Балбак Түлөбаев миллиард сом төлөп, жазага тартылсын
RU

Мектеп директорлору: Балбак Түлөбаев миллиард сом төлөп, жазага тартылсын

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбор калаадагы мектептердин 50 директору Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаевди миллиард сом айыпка жыгып, кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылууда. Бул тууралуу КРнын жалпы билим берүү мектептеринин директорлор ассоциациясынан билдиришти.

Директорлордун айтымында Түлөбаев мугалимдерди коррупциялык кылмышка негизсиз айыптаган. Ал 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, жылына 20 миллион долларга жакын пара Бишкектеги мектеп директорлорунун чөнтөгүнө түшүп жатканын айткан. Башкача айтканда, окуучуну киргизүү үчүн ар бир баладан 500 доллардан алышарын белгилеген.

"Анда эмне үчүн ал укук коргоо органдарына тиешелүү арыздарды, материалдарды, далилдерди жиберген эмес?",- деп кайрылышкан.

Мугалимдер өлкө жетекчилигинен Түлөбаевге Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыш жөнүндө билип туруп жалган маалымат билдирүү" боюнча кылмыш ишин козгоп, үч жылга эркинен ажыратууну суранышууда. Ошондой эле борбор калаада 20дан ашык жаңы мектептерди куруу үчүн Түлөбаевден 1 миллиард сомдон ашык моралдык чыгым өндүрүлсүн деген талап коюшкан.

"Ошентип, Түлөбаев Бишкекке пайда алып келет", - деп айтылат билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7285