Түлөбаев анын үстүнөн арызданган директорлорго: Күзгүгө каранып анан мага кайрылгыла
RU

Түлөбаев анын үстүнөн арызданган директорлорго: Күзгүгө каранып анан мага кайрылгыла

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

50дөй мектептин директорлору депутат Балбак Түлөбаевди жоопко тартып, миллиярд сом айып төлөшүн талап кылышкан. Алар депутат директорлорду коррупцияга байланыштуу негизсиз айыптап жатышат деп нааразы болушкан.

Түлөбаев аларга өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу кайрылды.

"Урматтуу мүдүрлөр күзгүгө каранып анан мага кайрылгыла. Баары эмес көбүңөр алдыңарда тепкен кымбат машине, үстүңөрдөгү кымбат үйлөр, чет өлкөдөгү квартираларыңырды кайдан алдыңар. Быйыл эле айлыгыңар көтөрүлдү. 20 жылдан ашык отуруп элдин канын мите курттай сордуңар. Мугалимдер эмес мектеп мүдүрлөрү. Мектепти өз мүлкүңөрдөй ээлик кылдыңар. Уялбай мектеп ичине керек болсо самсыкана салып алдыңар. Канча ата эне келди пара алды деп. Жазып бергиле десем баласын аяп болбойт. Аз иштеп калдым да силерге жетпей, ушуга өкүнөм. Баарыңардын үй мүлкүн текшертиш керек. Булар менен күрөшүүгө убакыт келди. Баарын текшеребиз. Ушулардын айынан билим берүү системасы начар абалда.

Мени миллиард сомго сотко берет имиш😁. Күтүп жатам. Деңгээлин карасаңар. Булар керек болсо мыйзам окубайт. Билим деле жок. Жалаң миллиарддап сүйлөйт. Көнгөн да "элита" сымалдар",-деп жазган ал.

Эске салсак, Балбак Түлөбаев 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып, жылына 20 миллион долларга жакын пара Бишкектеги мектеп директорлорунун чөнтөгүнө түшүп жатканын айткан. Башкача айтканда, окуучуну киргизүү үчүн ар бир баладан 500 доллардан алышарын белгилеген. Мугалимдер муну негизсиз деп Түлөбаевди жоопко тартууга талап кылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7287