Курсан Асанов: Жакшы чечим. Бирок, ок атууга буйрук бергендер жазаланышы керек
RU

Курсан Асанов: Жакшы чечим. Бирок, ок атууга буйрук бергендер жазаланышы керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28 июнда, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда октябрь окуясы боюнча соттук териштирүү бүтүп, өкүм чыгарылды. Анда Курсан Асановго коюлган айып дагы алынган.

Асанов бул чечим тууралуу пикирин айтып, ал окуяда ок атууга буйрук бергендер сөзсүз жазасын алышы керектигин белгиледи.

"Бул күтүүсүз, жакшы чечим болду. Соттук отурум ачык өткөнү жакшы. Бирок ал окуяда колу-бутунан ажырагандар, оор жаракат алгандар болгон. Алар үчүн бирөө жооп бериши керек. Ким ошолого ок атууга буйрук берсе жазасын алыш керек. Алар ИИМдин мурунку жетекчиси, Кашкар Жунушалиев сыяктуулар",- дейт ал

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7294