Тайэжеси жаш балдарды мушташтырып, өзү таяк жеген. Окуянын чоо-жайы
RU

Тайэжеси жаш балдарды мушташтырып, өзү таяк жеген. Окуянын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 28-июнь күнү соцтармактарга жашы жете элек кыз менен баланы мушташтырып турган аялдардын видеосу тараган. Бул боюнча Баткен ОИИБ маалымат берди.

Бул окуя Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын Кожо айылында болгон. 38 жаштагы А.Г. 15 жаштагы уулу Марат (аты өзгөртүлгөн) жана 8 жаштагы Канат (аты өзгөртүлгөн) аттуу балдары менен төркүнүнө коноктоп келишкен. Ошол эле үйдө анын 31 жаштагы турмуштан ажырашкан сиңдиси 9 жашар Мээрим (аты өзгөртүлгөн) жана 8 жашар Сезим (аты өзгөртүлгөн) кыздары менен жашап жүргөн.

10-июнь күнү болжол менен саат 17.30дар чамасында 8 жаштагы Канат менен 9 жаштагы Мээрим экөө урушуп жаткан видео тартылып алынган. Видеодо байкалып тургандай 31 жаштагы А.Г. өзүнүн кызына болушуп, атайын уруштуруп жаткан. Муну көргөн Канаттын бир тууганы, 15 жаштагы Марат тайэжесин уруп салган.

Бул факт 28-июнь күнү катталып, жаш балдарды уруштурган 31 жаштагы аял жана анын 2 кызы суралып, соттук медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми 38 жаштагы А.Г. өзүнүн 15 жаштагы жана 8 жаштагы уулдары менен өздөрү жашаган Ош облусунун Алай районуна кетип калгандыгы аныкталды.

Азыркы учурда бул материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7297