Түлөбаев: Мадумаров президент болууга даярданып жатат. Өкмөт артка чегинбеши керек (видео)
RU

Түлөбаев: Мадумаров президент болууга даярданып жатат. Өкмөт артка чегинбеши керек (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Балбак Түлөбаев Адахан Мадумаров Кыргызстандын кийинки президенти болуу үчүн саясий упай топтоп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында нааразылык акциясынан кийин билдирди.

Ал тикесинен тик турган Мадумаров менен Исхак Масалиевди мактады.

""Бүтүн Кыргызстан" партиясы тажрыйбалуу экенин далилдеди. Мына ушундай башыңа кылыч такап турса да позицияга бекем туруу керек. Азыр позициялардын күрөш жүрүп жатат. Өкмөт мыйзам долбоорлорун алып келет, "Бүтүн Кыргызстан" каршы чыгат. Саясий упай топтоп, өзү бийликке келиши керек, бул эртеңки президенттик шайлоого даярдык! Анан биз отурабыз. Акырына чейин барыш керек да, баш мыйзам жол береби, казино боюнча мыйзамды ошону менен эле кабыл албадыңарбы. Ошону менен эле кетиш керек да. Эмне артка кайтып жатасыңыр. Же күрөшкүлө же саясий аренадан чыккыла", - деди Түлөбаев.

Эске салсак, Мадумаров менен Масалиев мүлктөрдү легалдаштыруу боюнча мыйзам долбооруна добуш берүүгө бөгөт коюшкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7299