Садыр Жапаров: 1-августан тарта бардык мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт
RU

Садыр Жапаров: 1-августан тарта бардык мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Салык чогултуу, бажы төлөмдөрүнөн кирешелерди көбөйтүү менен отуруп калбастан "Кумтөр" маселесин жолго коюп, мыйзамдаштырып, жалпы бюджетке кошумча киреше булагын табышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кошумча булактын аркасында дарыгерлердин, мугалимдердин, маданият кызматкерлеринин маянасы көтөрүлдү.

"Кудай буюрса, 1-августан тарта бардык тармактагы мамлекеттик кызматкерлердин, ошондой эле мугалимдердин айлыгын көтөрөбүз", - деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7322