Кыргызстандагы АКШ элчилиги: Райымбек Матраимовдун тергелип, камакка алынышын колдойт
RU

Кыргызстандагы АКШ элчилиги: Райымбек Матраимовдун тергелип, камакка алынышын колдойт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
АКШ Райымбек Матраимовдун паракорчулук жана кылмыш каражаттарды легализациялоо боюнча кармоосун колдойт.

Мындай билдирүүү Кыргызстандагы АКШ элчилигинин Twitter'деги расмий баракчасында жазылган.

"АКШ Райымбек Матраимовдун коррупция жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо айыбы менен тергелип, камакка алынышын колдойт. Биз Кыргызстандын күч органдары менен биргеликте уурдалган кыргыз мүлкүнүн аныкталышына жана далилденишине, кыргыз элине кайтарып берүү үчүн иш алып барууга курсантпыз", - дейт.

Эске салсак, 18-февралда УКМК Райымбек Матраимовду мыйзамсыз байуу иши боюнча камакка алган. Жакын арада ага жаза чарасы тандалат. Матримовдун тарапташтарынын маалыматы боюнча, аны үй камагында калытырышы мүмкүн. Алар Бишкекте жана Кара-Сууда Матраимовду бошоткула деген талап менен митинг өткөрүшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/738