Ооо! Борбор калаанын четинде 150 гектарлык "Бишкек сити" бизнес борбору курулат
RU

Ооо! Борбор калаанын четинде 150 гектарлык "Бишкек сити" бизнес борбору курулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Бишкек-Сити" эл аралык бизнес борбору курулат. Аны курууга 150 гектар жер бөлүнгөн. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, комплекс Орок айылына жакын жерге курулат.

Садыр Жапаровдун жарлыгы менен бул долбоорду ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдү. Документке ылайык, жаңы объект Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, инвестиция тартуу жана инфраструктурасын өнүктүрүү максатында түзүлүүдө.

План боюнча "Бишкек Сити" "Кыргызстандык жана чет элдик компаниялардын, анын ичинде бизнес түзүмдөрдүн кызыкчылыктарын айкалыштырган Борбордук Азиядагы ири бизнес, маданий жана архитектуралык борбор" болуу ниетинде.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7395