Эрулан Кокулов эки баласы жана сүйлөшкөн кызы бар экенин айтты
Жаш депутат, "Не сахар" долбоорунун негиздөөчүсү Эрулан Кокулов SUPER TV"га берген маегинде жеке жашоосун ачыктады.
"Ооба, убагында үйлөнгөм. Турмушта өйдө-ылдый болот экен, 4-5 жылдан бери бошмун. Эки балам бар. Жумушум кооптуу, аларга таасири тийбесин деп жеке жашоомду катып жүргөм",-деди депутат.
Кокулов жеке жашоосуна карата айтылган жалган маалыматтардан улам, аргасыздан бул кадамга барганын билдирди.
Ошондой эле, учурда жүрөгү бош эмес экенин кошумчалады.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/7422