Бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекова туулуп-өскөн айылына концерт койду. Видео
RU

Бир түндө жылдызга айланган Бегимай Турусбекова туулуп-өскөн айылына концерт койду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир түндө интернет жылдызына айланган элдик талант Бегимай Турусбекова туулуп өскөн жери Казарман айылына концерт койду. Иш-чара 6-июлда болуп, ага алыскы айылдардын тургундары да келишти.

Бегимай Турусбекованын айтымында, күзүндө мындан да чоң концерти өтөт.

"Мен айылга барсам аймактын акими, маданият үйүнүн директору концерт өткөрөбүз деп барын даярдап күтүп жатышыптыр. Бишкекте жүргөндө чалып айтышкан. Казарманга баргандан эртеси эле концерт болду. 1 сааттан ашык убакытка созулган концертте кыргызча эки ыр аткардым. Калган ырлар англисче, французча болду. Эл көп келип, каалоо-тилектерин айтышты.

Концертти уюштуруучулар күзүндө чоң концерт өткөрөбүз дешти. Буюрса, мен да акырындан даярдык көрө баштайм. Репертуарымды өзүмдүн автордук ырларым менен толуктайын деп турам. Бишкекке барганда ырларды жаздыруунун үстүндө иштейм", - деди ал.

Эске салсак, 18-июнда Бишкектеги Ынтымак-2 сейил багында "Титаник" тасмасындагы "My Heart Will Go On" аттуу ырды жандуу үн менен ырдаган келиндин видеосу интернет айдыңында желдей тарап, көпчүлүктү суктандырган. Эртеси эле ал Бегимай Турусбекова аттуу айым экени белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7423