"Мага аял бергиле" деген". Бишкекте аялга кол салган жаран психдиспансерге жөнөтүлдү
RU

"Мага аял бергиле" деген". Бишкекте аялга кол салган жаран психдиспансерге жөнөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте эртең менен жумушка бара жаткан аялды зордуктоого аракет кылуу фактысы катталды. Бул тууралуу Twitter'дин колдонуучусу жазып чыкты.

Айтымында, ыплас иш жасоого аракет кылган киши аялга кол көтөрүп, "мага аял бергиле, мага аял керек" деген.

Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы окуя 5-июлда орун алганын маалымдап, Kaktus.kg'ге төмөнкүлөрдү билдирди.

Эртең мененки саат 07:44 чамасында Черепка көчөсүндө аялга кол салуу, тоноо аракети болгону тууралуу милицияга кабар түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барганда 37 жаштагы аял арыз жазган. Анда мас абалындагы белгисиз киши ага кол салып, денесине жаракат келтиргенин билдирген. Кол салган жаран милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал агрессивдүүлүгүн көрсөтүп, каршы аракеттерди жасаганы үчүн "Тез жардам" кызматы чакыртылып, психиатриялык диспансерге жөнөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7446