Нарында 6 айылдашын аткан жарандын окуясы боюнча 3 адам камакка алынды
RU

Нарында 6 айылдашын аткан жарандын окуясы боюнча 3 адам камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында жайыт жерди талашуудан улам айылдаштарына ок чыгарган жарандын окуясы боюнча 3 адам камакка алынды. Маалыматты облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын тургуну К.Б. 10 гектар жайыт жерди мыйзамсыз тосуп алган. Мындан улам 2-июлда А.Ж. аттуу жергиликтүү жашоочу менен уруша кеткен. Натыйжада жерди тосуп алды делинген кишинин бир туугандары жана баласы А.Ж'ны сабашып, ал Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми 6-июльга караган түнү К.Б'нын үйүнүн короосундагы чөбү өрттөнүп кеткен.

Андан кийин Ак-Талаа айылынын 40-60тай жашоочулары чогулуп, К.Б. менен сүйлөшүүгө келип дарбазасын какканда үй ээси элге карай ок чыгарган.

Чогулгандар үйдү таш менен уруп жатканда К.Б'нын бир тууган иниси унаасы менен келип элди сүзө качырып айдап, дубалды сүзүп токтогон. Айдоочу качып кеткен. Бир нече убакыттан кийин уннаа белгисиз себептер менен өрттөнүп кеткен.

Андан соң К.Б'нын дагы бир иниси Mercedes Benz Sprinter менен келип, элди ары-бери сүзө качырып кубалап, ок чыгарган.

Мунун кесепетинен аталган айылдын алты тургуну денесинен ар кандай жаракаттарды алып, Нарын облустук ооруканасына жеткирилген.

Аталган окуя боюнча 37-беренени камтыган 122-берене менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары кармалган 3 адамга Нарын шаардык соту камакка алуу түрүндө бөгөт чарасын тандады.

Нарын райондук бийлик өкүлдөрү жана Нарын облустук милициясы аталган айылда эл менен жолугушуп, коомдук тартипти сактоо багытында айыл тургундары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7472