Матраимовдун адвокаты анын жакталуучусу күнөөнү мойнуна албагандыгын айтты
RU

Матраимовдун адвокаты анын жакталуучусу күнөөнү мойнуна албагандыгын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
Райымбек Матраимовду жактаган адвокат Мадина Ниязова, сотко келди. Ал Матраимов күнөөнү мойнуна албагандыгын айтты. Ошондой эле Райымбек тергөө менен макулдаштыкка келгени үчүн аны камакка алынуусу зарыл эместигин белгиледи.

"Кылмыш каражаттарды легализациялоо" беренеси боюнча Кыргызстандын кылмыш кодексинде тергөө менен макулдаштык каралбаганын айтып, тергөөчүлөр Матраимовду камакка алуусун суранды. Адвокат буга кошулбайт.

Матраимовдун өзүн сотко алып келише элек.

Эске салсак, 2020-жылдын 20 октябрында УКМК бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду камакка алган. Тергөөнүн маалыматы боюнча Матраимов мамлекеттик бюджетке 2 млрд сом зыян келтирген.

Матраимов өз убагында тергөө менен келишимге келип, келтирген зыянды толук төлөп берүүнү убада кылган. Бул сөз менен Матраимов паракорчулук кылып, мамлекетке зыян алып келгенин мойнуна алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/747