Райымбек Матраимов УКМКнын СИЗОсунда өткөрөт
RU

Райымбек Матраимов УКМКнын СИЗОсунда өткөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында
Биринчи май райондук соту бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовко карата жаза чарасын тандады.

Мурдагы аткаминер соттун чечимине ылайык эки ай УКМКнын СИЗОсунда өткөрөт.

Адвокат бул чечимди саясий деп ойлойт. Ошол эле учурда чечимдин артында ким турганын айта алган жок, бирок ал соттун өкүмүнө сөзсүз түрдө даттануу жазат.

Матраимовдун тарапташы Шайлообек Атазов элди көчөгө чыгып, мурунку бажы кызматкерин колдоого чакырды.

Сот тарабынан бузуулар болду - алар адвокаттардын бирин киргизбей коюшту. Мамлекеттин патриотун ММКнын сөзү менен гана түрмөгө отургузуп салышты

, - деди ал.

Матраимовдун тарапташтары мөөнөтсүз митингге чыкканын жарыялайт.

Эске салсак, 2020-жылдын 20 октябрында УКМК бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду камакка алган. Тергөөнүн маалыматы боюнча Матраимов мамлекеттик бюджетке 2 млрд сом зыян келтирген.

Матраимов өз убагында тергөө менен келишимге келип, келтирген зыянды толук төлөп берүүнү убада кылган. Бул сөз менен Матраимов паракорчулук кылып, мамлекетке зыян алып келгенин мойнуна алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/748