Сириядан келишкен. Курман айтта теракт жасоого аракет кылгандар кармалды
RU

Сириядан келишкен. Курман айтта теракт жасоого аракет кылгандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте айт намазда теракт жасоо аракетине бөгөт коюлуп, уюштурууга даярдык көргөндөр колго түшүрүлдү. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы жарыялады.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, эл аралык террордук уюмга катыштыгы бар эки жаран жасалма паспорт менен Сириядан Бишкекке келишкен. Бул жактан террорчуларга жергиликтүү жашоочулар жардамдашкан.

Кармалгандар Сирияда диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөндүгү боюнча далилдер тергөөдө бар. Атайын кызматтар кармалгандардын бири колго жасалган жардыргыч затты жасоо боюнча инструктор экенин айтышууда.

Алардын Кыргызстандагы милдеттеринин бири 9-июлда айт намазында теракт жасоо болгон. Бул үчүн алар борбордук аянтка жакын батирди ижарага алып, ал жактан чалгындоо иштерин жүргүзүшкөн.

Кармалгандар учурда УКМКнын камак жайына киргизилип, тергөө иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7496