Ырчы Назгүл Токтакунова бир канча жыл мурда жигити тарабынан зомбулукка кабылганын айтты
RU

Ырчы Назгүл Токтакунова бир канча жыл мурда жигити тарабынан зомбулукка кабылганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Yella каймана аты менен белгилүү ырчы Назгүл Токтакунова мындан бир канча жыл мурда зомбулукка кабылганын айтып чыкты. Айтымында, ошол учурда сүйлөшүп жүргөн жигити кол көтөргөн, коркуткан.

Ырчы бул окуясы менен биринчи жолу бөлүшүп жатканын айтат.

"Менин ошол курактагы оюм боюнча биринчи жана жалгыз сүйүүм болчу. Аны өмүр бою эстеп калдым. Ыйлабаган күнүм болгон эмес. Азыр ойлойм, эмнеге чыдап жүргөм деп. Анда жаш, ишенчээк болчумун. Башкалар сыяктуу эле оңолот деп үмүттөнгөм.

Ага айтпай жакындарым менен циркке барганым үчүн биринчи жолу жаака жегем. Өзүм бейбаш кыз болсом да апам мага колун тийгизген эмес. Жигитим кол көтөргөндө абдан нес абалда болгом. Мамилебиз бүттү го деп кетип баратканда дагы бир жолу бетиме чаап, сөгүп, кыйкырып баштады. Биз көчөдө турганбыз, мен коркуп, нес абалда эч нерсе дей алган эмесмин…", - дейт ал.

Назгүл айым жогорудагы окуядан кийин жигити менен 2 жыл сүйлөшүп жүргөнүн, бул аралыкта кордук көргөнүн белгиледи.

"Бул жылдар аралыгында ал көчөдө элдин көзүнчө болгон күчү менен мени тээп салчу. Айланадагы көргөн адамдар унчукпай өтүп кетишчү. Ал ушунчалык кызганчаак эле, жадакалса нан сатып келүү үчүн да уруксатсыз чыга алчу эмесмин. Уруксаты жок чыгып бакты карап койсом да сөгүп, бакырып, сабачу. Колум көгала болуп жүрчү, агаларымдан жашыруу үчүн дайыма жеңи узун кийим кийчүмүн. Ал мага үйлөнөм деп айтчу. Кийинчерээк мындай жашоодо жаша албай турганымды түшүнүп, аны таштоону чечтим. Ал "үйүңдү өрттөп, агаларыңды өлтүрүп кетем, ата-энеңе кыз эмес экениңди айтам" деп коркутуп баштады. Бул нерсени кимге айтышымды билбей коркуп чыдап жүрө бердим. Бир учурда мага баары бир болуп калды", - деп жазат.

Кийин жигити коркутуу менен маселе чечилбесин билип жалдырап, чөгөлөп көз жаш кылып кечирим сураганын кошумчалады ырчы. Бирок мындан дагы жыйынтык болбой кайра коркутууга өткөн дейт.

Назгүл Токтакунова бул окуясы менен кыздарды турмушка эрте чыкпоого, алгач коомдон өз ордун таап алуусун айткысы келгенин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7530