Таласта мал сойгон 4 адам сибирь жарасын жуктурган деп күмөндөлүп жатат
RU

Таласта мал сойгон 4 адам сибирь жарасын жуктурган деп күмөндөлүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусунун Кара-Буура районунда 4 адам сибирь жарасын жуктуруп алды деген шек менен ооруканага жаткырылды. Бейтаптар Кара-Буура райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинен Kaktus.kg`ге билдиришти.

Азырынча сибирь жарасы экени лаборатория тарабынан тастыктала элек. 12-июлда бейтаптардан анализдер алынды. Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын адистери текшерүү жүргүзүп жатышат. Бейтаптар бир күн мурун мал союшканы белгилүү болду.

Сибирь жарасы инфекциялык оору. Адатта малдан малга же адамдан адамга жукпайт. Эгерде адамдар оорулуу малды бакса, сойсо же мал азыктарына (мисалы, эт, кан, жүн, тери, сөөк) тийсе күйдүргү менен ооруп калышы мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7531