Ынтымак паркында ырдап жылдыз болгон Бегимай Турусбекова Москвага барды
RU

Ынтымак паркында ырдап жылдыз болгон Бегимай Турусбекова Москвага барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Ынтымак паркында ырдап, бир түндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова Москва шаарына барды. Ал "Привет, Андрей" берүүсүнө тартылат.

Буга чейин Бегимай Турусбекованын жашоосу тууралуу орусиялык "Привет, Андрей" телеберүүсү сюжет жасаган. Тартуучу топ Казарманга чейин келип кетишкен. Ошондой эле келинди Москвага чакырышкан. Бүгүн, 15-июлда Бегимай Турусбекова атайын берүүгө тартылат.

Эске салсак, 18-июнда Бишкектеги Ынтымак-2 сейил багында "Титаник" тасмасындагы "My Heart Will Go On" аттуу ырды жандуу үн менен ырдаган келиндин видеосу интернет айдыңында желдей тарап, көпчүлүктү суктандырган. Эртеси эле ал Бегимай Турусбекова аттуу айым экени белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7536