Таласта 2 адамдан сибирь жарасы аныкталды. Айылга ветеринардык карантин киргизилди
RU

Таласта 2 адамдан сибирь жарасы аныкталды. Айылга ветеринардык карантин киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта сибирь жарасына шектелип ооруканага түшкөн 4 адамдын анализдеринин жыйынтыгы чыкты. Ага ылайык, эки бейтап сибирь жарасы менен жабыркап жатканы такталды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен Kaktus.kg`ге билдиришкендей, бейтаптардын учурдагы абалы канааттандырарлык.

Кара-Буура райондук жалпы дарыгерлер практика борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан бейтаптар бардык зарыл болгон дарылоону алышат. Аларды кийинки аптада ооруканадан чыгаруу пландалууда.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын адистери ишин улантып, үймө-үй кыдыруу иштерин жүргүзүүдө.

Буга чейин Кара-Буура районундагы Шекер айылынын 4 тургуну мал союп, эртеси сибирь жарасын жуктурган деген күмөн менен ооруканага түшкөн. Аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Канат Чомотоев илдет аныкталгандар башка айылдын жашоочулары экенин Kaktus.kg`ге билдирди.

"Шекер айылы менен Көк-Сай айылы кошуна болгондуктан мал жайыла берет. Бирок сибирь жарасы Көк-Сай айылынын тургундарынан аныкталды. Биздин айылда болгон жок. Аталган эки айыл жакын болгондуктан эки күн мурда ветеринардык карантин бизге да киргизилди. Азырынча чектөө канча күнгө созулары белгисиз. Мал базар болгондо элге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Мал, сүт азыктарын сатып алуучуларга эскертүүлөр берилди", - дейт Чомотоев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7540