Дарыянын жээгинен 16 күндөн бери изделип жаткан абышканын сөөгү табылды
RU

Дарыянын жээгинен 16 күндөн бери изделип жаткан абышканын сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нарында 29-июндан бери дайынсыз болуп изделип жаткан 80 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маркумдун сөөгүн Нарын дарыясынын жээгинен туугандары аныкташкан дейт.

Каза болгон кишинин жансыз денесин 5 куткаруучу суу жээктен алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришти.

Эске салсак, 80 жаштагы карыя кечке маал үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Анын кийимдери Нарын дарыясынын жээгинен табылган. Издөө иштерине куткаруучулар жана туугандары тартылып, жыйынтык болбогондуктан издөө иштери убактылуу токтотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7542