400 миң сом керек. Памирлик кыргыз Турганбай Памири кырсыкка кабылганын айтты
RU

400 миң сом керек. Памирлик кыргыз Турганбай Памири кырсыкка кабылганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанга көчүп келип, жашап жаткан Турганбай Памири унаасы менен кырсыкка кабылган. Ал кырсык март айында Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун SUPER.KG порталына берген маегинде айтты.

"Унаа алдым эле кырсыктап калдым. Lexus унаасын сүзүп, чыгаша болдум. Күнөөлүү болуп калгандыктан азыр мойнумда карыз бар. Мен сүзүп алган унааны оңдоого 400 миң сом керек экен. Азыр ошонун акчасын төлөө үчүн тоого адамдарды эс алууга алып чыгуудамын.

"Унааны айдай албагандан кийин эшек минип эле жүрө бербейсиңби" деп комментарий жазгандар да болду. Кырсык айдай албагандан эмес буйруктан болот. Укмуш айдоочулар деле кырсыкка кабылат. Атайын окуп айдоочулук күбөлүктү алгам, жакшы эле айдап жүргөм", - дейт ал.

Турганбай Памири 2017-жылы ата-энеси, бир туугандары менен Памирден Кыргызстанга көчүп келишкен. Учурда алар Кара-Балта шаарында жашайт. Турганбай Памири 2021-жылы Кыргызстадын жарандыгын алган.

Эске салсак, ырчы Асел Кадырбекова дагы Медеров менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен жол кырсыгына кабылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7543