Асел Кадырбекова: Сабырбек Жумабеков өмүрүмдү сактап калган
RU

Асел Кадырбекова: Сабырбек Жумабеков өмүрүмдү сактап калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы айым Асел Кадырбекова өзүнүн Instagram баракчасына Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековду колдоп пост жарыялады.

Анын айтымында Жумабеков ырчынын өмүрүн сактап калган.

"Бир жарым жылдан бери ден соолугум менен убарамын. Бактыма менин даарыгерим ушул адам болуп калганына чексиз ыраазымын. Өмүрүмдү сактап, бутка тургузуп койду! Ушундай врачтарды сындырбай, башка өлкөлөргө кетирбей пайдабыз тийбесе да, зияныбызды тийгизбей койсок жакшы болмок",- деп жазган жеке баракчасына.

Эске салсак, 26-июнда Бишкектеги Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Camry жана Honda Odyssey автоунаалары кагышкан. Анын айынан Camry автокөлүгүндө бараткан Асел Кадырбекова катуу жаракат алып, мээси чайкалып, моюн омурткалары менен акыреги сынып реанимацияга түшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5465