Бөйрөгүн алмаштырууга муктаж болуп жаткан актёр Нуржаасын Жумагулов Түркияга кетти
RU

Бөйрөгүн алмаштырууга муктаж болуп жаткан актёр Нуржаасын Жумагулов Түркияга кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эки бөйрөгүнөн жабыркап, алмаштырууга муктаж болгон актёр Нуржаасын Жумагулов Түркияга учуп кетти. Ал бүгүн, 17-июлда Стамбулга сапар алды.

Буга чейин актёрго донорлор табылып, алар апасы жана бөлөсү экени белгилүү болгон.

Нуржаасын Жумагулов 2 жылдан бери бөйрөк оорусу менен жабыркап келет. Анын эки бөйрөгү тең жабыркагандыктан гемодиализ алып жүрөт. Жакында эле ал Түркия мамлекетиндеги клиникалардын биринен бөйрөгүн алмаштырмай болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7546