Дагы бир турак жай кооперативдин төрагасы кармалды
RU

Дагы бир турак жай кооперативдин төрагасы кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштогу "Первый жилищный" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчилерине жана негиздөөчүлөрүнө 3 берене боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашат.

Тергөөнүн жүрүшүндө көптөгөн арыз-даттануулар келип түшкөн. Бүгүнкү күндө аталган коммерциялык эмес кооператив тарабынан жалпы 18 миллион 188 миң 260 сом зыян келтирилген.

16-июлда кылмышка шектелип кооперативдин төрагасы И.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жабыркагандар болсо Ош ШИИБдин тергөө кызматына кайрылса (дареги Э.Алиев көчөсү 128) же (03222) 7-14-39, (0772) 33-33-13, 102 номерлерине чалса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7550