Ысык-Көлдүн тургуну мечитке киргенде унаасын айдап качышкан
RU

Ысык-Көлдүн тургуну мечитке киргенде унаасын айдап качышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө иш-сапары менен жүргөн кайгуул кызматкерлери унаа уурдап качууга шектелген жаранды кармашты.

Милициянын кайгуул кызматынан Kaktus.kg'ге билдиргендей, 16-июлда Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну арыз менен кайрылган.

Ал ошол эле күнү болжол менен саат 04:45 чамасында Чоң-Сары-Ой айылындагы мечиттин сыртына Toyota Carina унаасын токтотуп, таңкы намазын окууга кирип кайра чыккан учурда унаасын белгисиз жаран айдап качып кеткенин билдирген.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарынан уурдалган унааны айдап бара жаткан А. Н. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7552