Ысык-Көлдө казакстандык жеңил атлетчини өлтүрө сүзгөн айдоочу 2 айга камалды
RU

Ысык-Көлдө казакстандык жеңил атлетчини өлтүрө сүзгөн айдоочу 2 айга камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Комсомол айылында Lexus RX 330 унаасынын айдоочусу Казакстандын жеңил атлетика боюнча машыктыруучусу Мурат Жузгенбаевди сүзүп кеткен. Кырсыктан коңшу өлкөнүн жараны каза болгон.

Ысык-Көл облустук сотунун маалымат кызматынан Kaktus.kg`ге билдиргендей, айдоочунун бөгөт чарасы тандалды.

Ысык-Көл райондук соту адам өлүмүнө шектелген айдоочунун бөгөт чарасын 17-июлда карады. Ага ылайык, шектүү делинген айдоочу 2 айга, тагыраагы, 17-сентябрга чейин камакка алынды.

Белгилей кетсек, 16-июлда Комсомол айылына жакын жерде жол тандабастын айдоочусу казакстандык спортчуну өлтүрө сүзгөндүгү маалымдалган. Кийинчерээк маркум СССРдин спорт чебери, жогорку квалификациялык деңгээлдеги машыктыруучу экени белгилүү болгон. Ал 3-июлдан 20-июлга чейин Чолпон-Атага машыгуу сборуна жөнөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7576