Казакстанда ооруканадан чыгып, адашып кеткен кыргызстандыкка жардам көрсөтүлдү
RU

Казакстанда ооруканадан чыгып, адашып кеткен кыргызстандыкка жардам көрсөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын Нур-Султан шаарында адашып кеткен 61 жаштагы кыргызстандык Нурмонжон Саматов жакындарын издеп, видео кайрылуу жасаган.

Ал эки карындашы жана иниси Москвада жашарын айткан. Нур-Султан шаарында адашып калдым деген Нурмонжон Саматов жол кырсыгына кабылып, операция болуп, эми гана ооруканадан чыгарылганын кошумчалаган.

Кийинчерээк кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жардам сураган кыргызстандык Саматовго жардам көрсөтүлгөнүн кабарлады.

Белгилүү болгондой, адашып калган жаран убактылуу турак-жай менен камсыздалды. Ошондой эле Кыргызстандын элчилиги анын Орусиянын Ивантеевка шаарында жашаган карындаштарын табышты.

Саматов Казакстанда 2006-жылдан бери жашап, коомдук тамактануу тармагында ашпозчу болуп иштеген. Анын өздүгүн тастыктаган эч кандай документтери жок экени айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7595