Президент кесиптештерине: Ысык-Көлдө туруп туризм маселесин көз жаздымда калтырба албайм
RU

Президент кесиптештерине: Ысык-Көлдө туруп туризм маселесин көз жаздымда калтырба албайм

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн жээгинде туруп туризм тармагындагы кызматташуу маселелерин көз жаздымда калтыра албай турганын айтты. Бул туурасында өлкө башчы бүгүн, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда билдирди.

Ал мамлекеттик чек ара пункттарындагы тоскоолдуктарды жоюунун зарылчылыгын белгиледи.

"Эркин соодага таасир эткен тарифтик жана тарифтик эмес тоскоолдуктарды, анын ичинде чек арадагы товарларды негизсиз кечиктирүүнү толугу менен алып салуу өтө маанилүү. Санариптештирүү куралдары топтолгон маселелерди чечүүгө жардам берет деп ишенем".

Кыргызстан биргелешип адистештирилген туристтик маршруттарды уюштурууга кызыкдар дейт Жапаров.

"Ысык-Көлдүн жээгинде туруп туризм тармагындагы кызматташуу маселелерин көз жаздымда калтыра албайм. Биргелешкен маршруттарды, ар бир өлкө үчүн туристтик мүмкүнчүлүктөрдүн маалыматтык базасы бар борборлорду түзүүнү, жалпы туристтик көргөзмөлөрдү жана жарманкелер, жалпы жарнамалык материалдарды чыгарууга кызыкдарбыз".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7601