Ысык-Көлдө 5 өлкөнүн президенттери документтерди кабыл алышты
RU

Ысык-Көлдө 5 өлкөнүн президенттери документтерди кабыл алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында документтер кабыл алынды.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, өлкө башчылары биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты. Андан тышкары Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын өлкө башчылары Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзийоев XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.

Ал эми Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери Эмомали Рахмон менен Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндөгү ички иштери аяктагандан кийин бул документке кол коюшат.

Мамлекет башчылары көп тараптуу форматтардын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүү концепциясын, "Жашыл күн тартиби" регионалдык программасын жана 2022-2024-жылдарга регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жол картасын бекитүү чечимин кабыл алышты.

Мындан тышкары президенттер Аралды сактоо эл аралык фондунун президенти катары Эмомали Рахмондун ыйгарым укуктарын узартуу чечимине кол коюшту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7604