Бир суткада 128 адамдан COVID-19 аныкталып, Бишкек сары зонага кирди
RU

Бир суткада 128 адамдан COVID-19 аныкталып, Бишкек сары зонага кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу Жаркынбек Касымбеков коронавирустун жайылышы боюнча Бишкек шаары жашыл зонадан сары зонага өткөнүн айтты.

Ал белгилегендей, акыркы суткада эле 128 адам коронавирус инфекциясы менен жабыркап жатканы такталды.

"Илдетти жугузгандар көбөйүп кеткен учурда чектөөлөр кириши мүмкүн. Алар бет кап тагынуу жана онлайн режимине өтүү. Бирок азыркы учурда кооптонууга негиз жок. Биздин система ар кандай кырдаалга даяр", - деди Касымбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7625