Кыргызстанга дагы памирлик кыргыздарды көчүрүп келишет. Канчасын, кайсы жерге?
RU

Кыргызстанга дагы памирлик кыргыздарды көчүрүп келишет. Канчасын, кайсы жерге?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Чоң-Алай районуна 1500 памирлик кыргыздарды көчүрүп келүү пландалып жатат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат жыйында билдирди.

Кыргызстанга көчүрүү иштери 2022-2024-жылдар аралыгында жүзөгө ашырылат. Ал үчүн жалпы 244,5 миллион сом каралган. Аларга Чоң-Алайдын Кашка-Суу айыл аймагынан 70 гектар жер бөлүндү. Анын ичинен быйыл 30 турак жай куруу пландалып, 77,2 миллион сом сарпталат.

Ошондой эле министр өлкө эгемендикти алгандан бери Кыргызстанга 75 миң этникалык кыргыз көчүп келгенин кошумчалады

Белгилей кетсек, өткөн жылы президент Садыр Жапаров бардык памирлик кыргыздарды Кыргызстанга көчүрүп келүү ниети бар экенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7634