Бишкекте жүргүнчү ташып бара жаткан маршруттук такси оодарылып кетти. Видео
RU

Бишкекте жүргүнчү ташып бара жаткан маршруттук такси оодарылып кетти. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте эртең менен жүргүнчү алып бара жаткан маршруттук такси оодарылып кетти. Кырсыктын кесепетинен 4 адам жаракат алганын Kaktus.kg сайтына Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Кырсык бүгүн, 28-июлда болжол менен саат 07:40 чамасында Сухэ Батыр көчөсү менен Юнусалиев көчөсүнүн кесилишинде катталды. Анда солго бурулган №105 маршурттук унаа Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен №105 маршурттук унаанын 4 жүргүнчүсу жаракат алды. Азыркы учурда жол кырсыгы катталган жерде кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7658