"Жалал-Абад" санаторийин 9 жыл башкарган кызматкер коррупцияга шектелди
RU

"Жалал-Абад" санаторийин 9 жыл башкарган кызматкер коррупцияга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коррупция фактысы боюнча "Кыргызкурорттуризм" башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Кыргызкурорттуризм" башкармалыгынын башчысынын орун басары А.М.Д. 2012-жылдан 2021-жылга чейин Кыргызстан профсоюздарынын "Жалал-Абад" санаторийинин директору кызматында иштеп жаткан учурда мекемеден мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алып чыгуу боюнча кылмыштуу схеманы уюштургандыгы аныкталды. Ал бул жылдар аралыгында Жалал-Абад санаторийине 42 миллион сомдон ашык зыян келтирген.

Азыркы учурда А.М.Д. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери улантылып жатканы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7665