Кыргызстан Кумтөрдүн республикага биротоло өткөнүн жарыялады
RU

Кыргызстан Кумтөрдүн республикага биротоло өткөнүн жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 29-июлда Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинде Кумтөр алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү.

Президенттик администрацияндан кабарлашкандай, тараптардын эл аралык юридикалык өкүлдөрүнүн жана эскроу-агенттин катышуусунда Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Улан Джусуповго юридикалык документтердин толук пакети, анын ичинде "Кумтөр Голд Компани" жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" компанияларынын акцияларынын 100 пайызын "Кыргызалтын" ААКтын пайдасына менчик укугунун толук өтүшүн каттоо үчүн өткөрүп берүү актылары, ишеним каттары жана күбөлүктөр тапшырылды.

Бүгүн эле, 29-июлда келишимде каралган бардык финансылык төлөмдөр Кыргызстандын пайдасына жүргүзүлдү.

Жетишилген келишим башка нерселер менен катар төмөнкү пункттарды камтыйт:

  • Кумтөр кени толугу менен республиканын менчигине өтөт. Ошол эле учурда Кыргызстан 2021-жылдын 15-майынан тарта кенден өндүрүлгөн алтындын ээси катары таанылат.
  • Мындан тышкары "Центерра" болжол менен 11 миллион доллар өлчөмүндө дивиденд төлөйт.
  • Ошондой эле "Центерра" тарабынан кыргыз тарапка 50 миллион доллар өлчөмүндө бир жолку төлөм макулдашылды.
  • Кумтөр кени боюнча Рекультивациялоо фондун башкаруу Кыргызстанга өтөт, көлөмү болжол менен 53 миллион доллар. Бул сумма дагы Кыргызстандын банктарынын бириндеги атайын эсепке которулат.
  • "Центерра" кыргыз тарапка каршы демилгеленген бардык соттук териштирүүнү токтойт: АКШда (27-июлда токтотулган), Швецияда жана Канадада (доолорду кайтарып алуу каттары 28-июлда жөнөтүлгөн).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7678