Көптөгөн суранычтардан улам "Жалал-Абад" аэропорту жабылбай турган болду
RU

Көптөгөн суранычтардан улам "Жалал-Абад" аэропорту жабылбай турган болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин "Жалал-Абад" аэропорту оңдоп-түзөө үчүн жабыла турганы кабарланган. Аталган аэропорт жабылбай ишин улантарын "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жүргүнчүлөрдүн көптөгөн суроо-сунуштарын эске алуу менен "Жалал-Абад" аэропорту быйыл жабылбай ишин улантары тууралуу чечим кабыл алынды. Регулярдык каттамдар мурдагы эле график боюнча аткарыла бермекчи (жумасына 6 жолу)", - дешти маалымат кызматынан.

Эске салсак, 1-августтан тарта "Жалал-Абад" аэропорту оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу убактылуу жабылары кабарланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7685