Ысык-Көлдө тургундун үйүнөн "Кызыл китепке" кирген куш табылды
RU

Ысык-Көлдө тургундун үйүнөн "Кызыл китепке" кирген куш табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун "Кызыл китепке" кирген кара кушту үйүндө мыйзамсыз кармап жүргөн. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, Сары-Булуң айылынын 61 жаштагы тургуну көл жээгидеги кашарында жырткыч кушту кармап жүргөн. Адистердин алдын ала маалыматы боюнча, табылган канаттуу Кыргызстандын "Кызыл китебине" кирген кара куш.

Аталган факты электрондук журналга катталып, тергөө кызматы тарабынан юридикалык баа берүү үчүн териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Алынган кара куш Каракол шаарындагы зоопаркка өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7689