"Кабарлар": Мас абалында машине айдап жүрүп кармалган киши конференцияны каржылаган
RU

"Кабарлар": Мас абалында машине айдап жүрүп кармалган киши конференцияны каржылаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери "Кабарлар" маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетованы камакка алышты. Kaktus.media'нын жеке булактары берген маалымат боюнча, арызды бир нече күн мурун, кайгуул кызматы тарабынан, мас абалында машине айдап жүргөндүгү үчүн токтотулган киши жазган.

Ал видеодо, башында айдоочу өзүн ар башка ат менен атап, андан кийин ар кимге, анын ичинде Садыр Жапаровго да чала баштайт. Видео бир нече ресурстарга жайгаштырылат. Андан кийин видеонун баш каарманы интернет сайттардын администрациясына кайрылган.

Kaktus.media'га белгилүү болгондой, бул киши Бишкектеги отелдердин биринде конференция өткөрүу үчүн акча берген. Ал конференциянын жүрүшүндө кайгуул кызматы мас абалында камакка алуу учурундагы өзүнүн жүрүм-турумун төгүндөмөк. Отелдин чыгымдарына акча берилгенден кийин Үмүт Мукамбетова камакка алынды. "Кабарлар" билдиргендей, арыз жазуучу буга чейин сайттын жетекчиси менен жеке тааныш болчу.

Тактоону талап кылган айрым маалыматтарга ылайык, арыз жазуучунун туугандарынын бири УКМКнын Антикоррупциялык кызматында иштейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/769