Баткенде тойдон кийин уулангандардын саны дагы өстү. Тойкана убактылуу жабылды
RU

Баткенде тойдон кийин уулангандардын саны дагы өстү. Тойкана убактылуу жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районунда тойдон кийин тамак-ашка уулангандардын саны 89га жетти. Бул туурасында Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Бүгүн, 1-августка карата уулангандардын саны 89га жетип, жалпы 16 бейтап ооруканага жаткырылды. Ал эми үлпөт той орун алган "Алмаз" тойканасынын жетекчисине карата протокол түзүлүп, тойкана убактылуу жабылды.

"Салаттарды жана бышырылган этти той ээлери үйдөн даярдап кафеге алып келишкен", - дешет эпидемиологдор.

Белгилей кетсек, 30-июлда тойканада 250 адам катышкан үй-бүлөлүк иш-чара өткөн. Алгач ооруканага 48 адам кайрылган. Эртеси алардын саны 58ге жеткен.

Ооруканага кайрылгандардын дене табы көтөрүлүп, кусуу жана диарея (ичи өтүү) белгилери болгон. Жабырлануучулар сурамжылоо учурунда этте жана салаттарда жыт болгонун белгилешкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7712