"Кайгыргандар көп го", "Сенден кем эмес жылдызмын". Дөө Чыңгыздын өлүмү боюнча реакциялар
RU

"Кайгыргандар көп го", "Сенден кем эмес жылдызмын". Дөө Чыңгыздын өлүмү боюнча реакциялар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камерада отурганда киши колдуу каза болгон кримтөбөл "Дөө Чыңгыздын" өлүмү боюнча айрым таанымал адамдар пикирлерин жазып чыгышты. Алсак, алып баруучу Назира Айтбекова кезинде маркум менен телефон аркылуу сүйлөшүп калганын айтып эскерди.

"Бир күнү үйдө олтурсам телефонго видео чакыруу келип калды. Алсам эле сакалчан, лөкүйгөн жигит олтурат. "Омий, сакалың укмуш го! Беш көкүл өрүш керек экен, ээ?" деп ырсактап аткам. Ал да каткырып кечке сүйлөштүк.

"Мен деле сенден кем эмес жылдызмын!" деди. Көрсө, "Чыңгыз Дөө" экен. Күн алыс чалып калат. Кечке кобурашабыз. Отурган жерин , камералаштарын көргөзөт. Бир күнү апам "Жалгыз кызым болсоң, сага залалы тийип калбасын. Корком. Чалбасын" деди. Аны Чыңгызга айтсам, дароо кечирим сурап, экинчи сөзүнө туруп, такыр чалган жок.

Мен андан эмне көрө алдым? Кишилерди союп, шыйрактарын чагып жүргөн киши көрүнгөн жок. Билими толукталбаган, ата-энеден сүйүү, көңүл ала албаган, жан дүйнөсү тентек , кичинекей бала кезинде такалып, өспөй калып калган бир адамды көрдүм. Менден эжесин көрдүбү, энесин көрдүбү, айтор, ушунчалык сүйлөшүүгө, көңүлгө зар болгон кичинекей бала турду. "Сенден эч нерсе кереги жок. Мени менен сүйлөшчү?" деп турчу. Ырсактап тийишкен да жок.

Бүгүн өлтүрүлгөнүн уктум. Менин көзүмдө криминал эмес, бир кичинекей , сүйүүсүз калган бала өлдү… Арты кайрылуу болсун!", - деп жазды Айтбекова.

Ал эми Нурлан Мотуев "Дөө Чыңгызга" уктап жаткан кол салынган болушу мүмкүн дейт.

"2014 же 2015-жылы болсо керек, "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаев бул жигитти Жалал-Абаддагы зонага положенец кылып дайындайт. Положенец "каралардын падышасы" деген түшүнүк. "Дөө Чыңгыз" Жалал-Абадга барат. Өзү беш маал намаз окуган бала болчу, ага кошомат кылып зонадагы аракечи да, наркоманы да намазга жыгылышат. Сыртынан карасаң сакал коюп алган, беш маал намаз окуйт, барын намазга жыгат таксырлардай болуп. Бирок ниетинде кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамдарынан баш тарткан жок да чынбы? Алла ыраазычылыгы үчүн иштесе тирүү кезинде эле баш тартпайт беле?

Айтышыңар мүмкүн, кантип эле кылмыш дүйнөсүнөн кетип каласың деп? Баш тартып эле кеткенбиз. 2016-жылы №27 зонадагы терроризм менен кесилгендер положенецке баш ийбей, топ болуп мушташып кеткенбиз. Урушту нарындык жигит (Алибек Тилек уулу, дин таануучу Кадыр Маликовду бычактап кесилген) баштап берген. Зонанын администрациясы "каралар" менен террористтер бири-бирин бычактап салат" деп коркуп бизди бөлүп салган.

"Дөө Чыңгызды" уктап жаткан жеринен жайлаган. А бирок кылмыш дүйнөсүндө уктап жаткан кишиге кол салуу эң начар иш болуп саналат. Болбосо "Дөө Чыңгыз" моюн бермек эмес", - деди ал.

Ырчы Анжелика Кайратова бир канча жыл мурда жалган маалымат чыкканын, ошондон бери кримтөбөл кармалса да, бошотулса да ага байланыштыра бергендер бар экенин айтты.

"Канча бир жыл мурун мен чет өлкөдө жүргөндө бир журналист айым "Анжеликанын үйүнөн издөөдө жүргөн адам табылыптыр" деп жалган билдирүү жазган. Ошондон бери ал адам камалса, бошотулса, каза болсо да дагы эле мени кыпчып комментарийге жазып, оозуна ээ боло албагандар ушак таратууда", - деген.

Жеке ишкер Рысгүл Акимжанова кримтөбөл боюнча пикир жазган айрым адамдарга нааразы болду.

"Кыргызстанды коргойм деген эр жигиттин эмес түрмөдө жаткан бир кылмышкердин өлүмүнө кайгыргандар көп го. Лентасын бир "карага" арнап толтуруп, жоокер жөнүндө бир сөз жазбаган блогер сөрөйлөр толтура экен, атайы карап чыктым. Ак менен караны так бөлгөн эки тараптагы окуя бир болбогондо коомдун приоритетин билбей деле калмак экенбиз. Жакамды кармап, коомго диагноз коё албай отурам", - дейт ишкер айым.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7716