Кыргызстан быйыл россиялыктар үчүн эң популярдуу жайкы эс алуучу жай болууда
RU

Кыргызстан быйыл россиялыктар үчүн эң популярдуу жайкы эс алуучу жай болууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын жай айларында россиялыктар эң көп Кыргызстанга учуп келүүдө. Жүргүнчүлөрдүн 17,9%ы Кыргызстанды тандап алган, деп билдирет ТАСС.

Бир тараптуу рейс үчүн орточо чек болжол менен 10,5 миң рублди (болжолдуу 14 400 сом) түзөт. Былтыркыга салыштырмалуу, быйыл каттамдын баасы 21%га кымбаттады.

2022-жылы россиялыктар өздөрүнө жакын өлкөлөргө көп чыга башташты. Эң көбү Кыргызстанга, андан кийин Тажикстан, Армения, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан жана Беларусия ээлейт.

Маалыматка ылайык, авиабилеттердин баасы Тажикстан, Казакстан жана Беларустан башка багыттар боюнча кымбаттап жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7727