Студент бүтүрүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, катуу сүйүнгөнүнөн каза болду
RU

Студент бүтүрүү экзамендерин ийгиликтүү тапшырып, катуу сүйүнгөнүнөн каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Египеттин Кена шаарындагы South Valley университетинин бүтүрүүчүсү бүтүрүү экзамендерин жакшы тапшырганы үчүн кубанычтан каза болду. Бул тууралуу Mirror басылмасы жазып чыкты.

22 жаштагы бул жигит илим бөлүмүнүн студенти болгон жана анын экзамен жыйынтыгын укканда абдан толкунданып, тынчсызданган. Жигит конвертти ачканда бардык сыноолордон ийгиликтүү өткөнүн көрүп катуу сүйүнүп кеткен.

Ошол учурда деми кысылып, ооруканага түшкөн. Дарыгерлер студентке инфаркт деген диагноз коюшуп, ал ошол эле күнү каза болгон.

Учурда прокуратура окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7732