Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы жогорулатылды. Эми ким канча алат?
RU

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгы жогорулатылды. Эми ким канча алат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

1-августтан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акылары көтөрүлдү. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттик админстрациянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, айлыкты жогорулатуунун максаты - коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу. Ошондой эле өлкөнүн мамлекеттик жарандык кызматчылары менен муниципалдык кызматчыларынын ишинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн материалдык жактан кызыктыруу жана шарттарды түзүү, ошондой эле жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын категориялар боюнча жогорулатуу төмөнкүдөй:

Министрликтер

Министрликтин бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акысы орточо эсеп менен 34 миң 445 сомду (социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген) түзүп келген болсо, 2022-жылдын 1-августунан тартып эмгек акысы 67 миң 749 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 196,7 пайызды түзөт.

Ал эми министрликтин жетектөөчү адисинин эмгек акысы 21 миң 98 сомду (социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген) түзүп келсе, 1-августтан баштап 49 миң 12 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 232,3 пайызды түзөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар

Маселен, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акысы 22 миң 170 сомду (социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген) түзсө, эми 41 миң 319 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 186,4 пайызды түзөт.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетектөөчү адиси буга чейин 18 миң 213 сом (социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген) айлык алса, 1-августтан тартып 35 миң 940 сомду алат. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 197,3 пайызды түзөт.

Мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү

Аймактык бөлүмдүн бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акысы 17 миң 637 сом (социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген) болсо, мындан ары 38 миң 830 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 220,2 пайызды түзөт.

Аймактык бөлүмдүн жетектөөчү адиси буга чейин 14 миң 442 сом (социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген) алып келген болсо, 1-августтан тартып эмгек акысы 32 миң 110 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 222,3 пайызды түзөт.

Райондук маанидеги шаар мэриялары

Мэриянын бөлүм башчысы 16 миң 881 сом (социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген) айлык алып келсе, мындан ары алардын эмгек акысы 39 миң 785 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 235,7 пайызды түзөт.

Ал эми мэриянын жетектөөчү адисинин учурдагы эмгек акысы 13 миң 813 сом (социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген) болсо, 1-августтан баштап эмгек акысы 34 миң 708 сом болот. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 251,3 пайызды түзөт.

Айыл өкмөттөрү

Айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысынын учурдагы эмгек акысы 16 миң 125 сом (социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген) болсо, 1-августтан тартып 33 миң 851 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 209,9 пайызды түзөт.

Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси буга чейин 13 миң 184 сом (социалдык чегерүүлөрдү жана салыктарды эске алуу менен чегерилген) маяна алса, мындан ары эмгек акы 27 миң 706 сомду түзөт. Эмгек акынын өсүшү орто эсеп менен 210,1 пайызды түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7739