Баткенде үлпөт тойдон кийин уулангандардын саны 100дөн ашты
RU

Баткенде үлпөт тойдон кийин уулангандардын саны 100дөн ашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун Кадамжай районунда тойдон кийин тамак-ашка уулангандардын саны бүгүн, 2-агвустка карата 108 болду. Маалыматты Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматынан кабарлашты.

Учурда 23 бейтап (2 бала) стационардык дарыланууда, 85 адам амбулатордук дарыланууда. Бейтаптардын баарынын абалы канааттандырарлык.

Белгилей кетсек, 30-июлда тойканада 250 адам катышкан үй-бүлөлүк иш-чара өткөн. Алгач ооруканага 48 адам кайрылган. Эртеси алардын саны 58ге жеткен. 1-августка карата 89 болгон.

Ооруканага кайрылгандардын дене табы көтөрүлүп, кусуу жана диарея (ичи өтүү) белгилери болгон. Жабырлануучулар сурамжылоо учурунда этте жана салаттарда жыт болгонун белгилешкен.

Ал эми үлпөт той орун алган "Алмаз" тойканасынын жетекчисине карата протокол түзүлүп, тойкана убактылуу жабылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7741