2 адам мүрт кетти. Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынын себеби белгилүү болду
RU

2 адам мүрт кетти. Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынын себеби белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө жолдо бара жаткан унаа ала салып, кырсыктан 2 адам каза болду. Дагы 2 жаран жаракат алганын Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан Kaktus.kg`ге билдиришти.

Кырсык бүгүн, 2-августта саат 15:20 чамасында Чырпыкты менен Тору-Айгыр айылдарынын ортосунда катталды. Анда 21 жаштагы айдоочу (Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын тургуну) Opel Zafira унаасы менен күн батышты көздөй бара жатып рулга ээ боло албай калган.

Кырсыктын кесепетинен 1982-жылы туулган И.Т. жана 1966-жылы туулган И.Г. аттуу эки жүргүнчү алган жаракаттарынан улам жеринде каза болушту. Алар казак жарандары болушкан. Ал эми айдоочу жана 21 жаштагы жүргүнчү Балыкчы шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Жол кырсыгына унаанын дөңгөлөгү жарылганы себеп болгон.

Бул окуя каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7743