Бир ай мурда кызматка дайындалган Акжолтой Тукунов дүкөндөгү видеосу үчүн кечирим сурады
RU

Бир ай мурда кызматка дайындалган Акжолтой Тукунов дүкөндөгү видеосу үчүн кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүкөндүн кызматкерлери менен талашып-тартыша кеткен видеосу талкуу жараткан Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Акжолтой Тукунов кечирим сурады. Ошондой эле Тукуновго эскертүү берилгенин аталган мекемеден кабарлашты.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматында дүкөндөр, супермаркеттер жана базарлардагы баага мониторинг жүргүзүү туруктуу негизде жумуш убактысында жана соода объектисинин тиешелүү өкүлүнүн катышуусунда өткөрүлүшү керектиги айтылат.

Ишемби күнү да мониторинг жүргүзүүгө болот, бирок тиешелүү көрсөтмөлөрдүн алкагында жана белгиленген убакытта гана. Мындай иш-чараны өткөрүүдө социалдык маанидеги товарлардын баасы боюнча анкеталар толтурулуп, алардын өзгөрүү себептери, көйгөйлөрү такталат жана монополияга каршы мыйзамдарды сактоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Мындай иш-чараларга соодагерлер ар дайым түшүнүү менен мамиле кылыша. Бирок бул сыяктуу окуя алгачкы жолу болду.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова окуяга байланыштуу жыйналыш өткөрдү. Анда Тукуновго эскертүү берилип, бул сыяктуу окуялардын орун алышын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгы айтылган.

Акжолтой Тукунов окуя боюнча өз түшүндүрмөсүндө, иш күнү эмес экенин жана бул дүкөндү текшерүү пландалбаганын, бирок аталган дүкөндөгү баалар өтө кымбат экенине күбө болгондугу үчүн ушул кадамга барганын моюнга алды. Тукунов күнөөсүн сезип, кечирим сурады.

Эскерте кетсек, 31-июлда Акжолтой Тукунов Маевкадагы "Берёзка" дүкөнүндөгү айрым азык-түлүктөр, анын ичинде кумшекер кымбат экенин айтып, дүкөндүн администратору менен жолугууну көздөгөн. Бирок дүкөндүн кызматкелери Тукуновдун күбөлүгүн тартып алып, эшикке чыгарып салышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7749