Чет өлкөдө кайтыш болгон жарандардын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү жарлыгына кол коюлду
RU

Чет өлкөдө кайтыш болгон жарандардын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү жарлыгына кол коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо тартиби жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өкмөт жетекчисинин маалымат кызматы билдирди.

Жарлыктын максаты Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо (жеткирүү) тартибин жөнгө салуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды жүргүзгөн туугандарына же адамдарга мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү.

Ошону менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин негизинде

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунушталсын:

Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына репатриациялоо тартибинин механизмдерин иштеп чыгуу;

  • Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо жүргүзгөн жакын туугандарына же адамдарга чыгымдарын жабуу үчүн бир жолку төлөмдүн өлчөмдөрүн алар чыгарыла турган өлкөнү эске алуу менен аныктоо;
  • Кыргыз Республикасынын кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо жүргүзгөн жакын туугандарына же адамдарга көмөк көрсөтүү боюнча, ошондой эле аларга бир жолку төлөм берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин жана анын чет өлкөлүк мекемелерин аныктоо;
  • Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине Кыргыз Республикасынын кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо менен байланышкан чыгымдар үчүн финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана анын чет өлкөлүк мекемелерине өз убагында бөлүүнү тапшыруу;
  • ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чараларды көрүү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/774