Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө акчаны кайдан алып жатышат. Жапаровдун жообу
RU

Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө акчаны кайдан алып жатышат. Жапаровдун жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы расмий аккаунтунда мамлекеттик кызматкерлердин маянасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу түшүндүрмө жарыялады.

Анын айтымында, маянаны көтөрүү боюнча кол коюлган жаңылык мамлекеттик кызматкерлер үчүн жакшы жаңылык болду.

"Мамлекеттик кызматкерлердин авторитети төмөндөп, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты начарлап кеткени эч кимге жашыруун эмес болчу. Мунун негизги себеби алардын айлык акысы болгон", - деп жазган Жапаров.

Ал ошондой эле салык төлөмдөрүн, бажы төлөмдөрүн көзөмөлдөө, ошондой эле Кумтөр өңдүү ири кендерди өз колуна алуу аркылуу өлкөнүн бюджетин толуктоо өз жемишин берип жатканын белгиледи.

"Мындан ары айлык маянасы мамлекеттик кызматкерлердин аброюна жана көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик кызматтардын сапатына таасирин тийгизбеши керек",- деди ал.

Эске салсак, 2-августта Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" жарлыкка кол койгону белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7763