Төкмөлөрдүн төрөсү болгон Замирбек Үсөнбаев тууралуу даректүү тасма тартылууда
RU

Төкмөлөрдүн төрөсү болгон Замирбек Үсөнбаев тууралуу даректүү тасма тартылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз менен казакка атагы чыккан, алтын көмөкөй, төкмөлөрдүн төрөсү, эл акыны, улуу устат Замирбек Үсөнбаев тууралуу документалдуу тасма тартылууда. Тасманы тартуу Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдык мааракесине карата мерчемделген мамлекеттик иш-чаралардын бири.

Даректүү тасманын бир бөлүгү улуттук "Манас" театрында жалпы шакирттеринин курчоосунда тартылды. Анда театрдын жалпы жамааты тасманын жыйынтыктоочу бөлүгүндө залкарды даңаза кылып турушту.

Төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин элүүдөн ашык шакирттери бар. Алардын алды Кыргыз Республикасынын Эл акындары Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев , Аалы Туткучев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Өмүрзак Кайыпов.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Киноматография департаменти менен биргеликте ишке ашырылууда. Тасманын режиссёру Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Мурат Мамбетов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7774